Баткенде милиция кызматкери сабалып, ооруканага түштү

Баткенде милиция кызматкери сабалганы тууралуу облустук милициядан ​​билдиришти.

Баткен шаарынын райондорунун биринде 24-апрель күнү кечинде аймактык тескөөчү менен укук коргоо органдарынын биринин кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканы белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо кызматкерлери жаңжал чыгарышкан (ким менен, азырынча белгисиз) деген билдирүү түшкөндөн кийин участкалык милиция кызматкери окуя болгон жерге барган. Милиция жаңжалдашкандарды тынчытууга аракет кылганда, аны сабап кетишкен.

Азыр милиция кызматкери ооруканада.