
Президент Садыр Жапаров Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчисин алмаштырды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулду.
Анын ордуна Данияр Бостонов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.