
Бишкек шаарынын №14 орто мектебинде Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, «Ата-энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, «Өз билимин өркүндөтүү боюнча эффективдүү ыкмалар» аттуу теманын алкагында өткөн жолугушууга мугалимдер жана ата-энелер дагы катышты.
“Жолугушуу ар бир ата-эне жана мугалимге терең таасирин тийгизип, айрым ата-энелер жолугушуу пайдалуу жана маанилүү болгондугун айтышып, Гапыр агайга терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле энелер мектеби ачылып, окутулсун деген сунуштар айтылды”, — дешти уюштуруучулар.
Жолугушуунун соңунда мугалимдер менен ата-энелер Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгек маданияты», «Ата-энелер үчүн кеңеш», «Асыл инсандык сапат» жана башка китептерин автордун колунан алышты.