Бишкек-Манас аэропорту жолундагы кырсыкта 16 адам жабыркады, эки баланын абалы оор

Бүгүн Бишкек-Манас аэропорту жолунда болгон кырсыктан кеминде 16 адам жабыркады, алардын арасында балдар да бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Чүй облусунун координаторунун ыкчам маалыматы боюнча саат 11.15 чамасында тез жардам кызматы чакырылган. Жабырлануучулар алгач тез жардам жана автостоп менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. Балдарды шаардык тез жардам ооруканасына жеткирүү үчүн Бишкек шаардык Медициналык тез жардам борборунун бригадалары тартылган. Жабырлануучулардын алдын ала саны 16га жакын. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды беришет. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки бала оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кошумча такталган маалымат кийинчерээк берилет», – деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, бүгүн Бишкек-Манас аэропорту жолунда жол кырсыгы катталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кичиавтобус бурулуп келе жаткан учурда балдары бар автобусту сүзүп алган. Катуу соккудан автобус оодарылып кеткен.