Бүгүн Аламүдүн районунда Арашан айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн эртең мененки саат 8:29да Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 9:00дө ошол эле райондогу №7 ӨКБдан 1, жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен өрттү өчүрүү иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.