
Көчөдөн бөтөлкө чогулткан бала боюнча мэрия түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 18-апрелинде Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына Түгөлбай-Ата көчөсүнүн боюнда жайгашкан «Малыш» балдар медициналык борборунун жанында беш жашар бала желим бөтөлкө чогултуп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашаары аныкталган.
Кызматкерлер дарекке барган учурда ал жерде Өзбекстандын жарандары жашашкандыгы белгилүү болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.
Мындан тышкары, Өзбекстандын жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Биринчи май администрациясы жарандарынын оор турмуштук абалына байланыштуу Өзбекстандын элчилигине кат жөнөткөн.
