Шалыгина: “жеңиш үчүн атаандашынын мурдун сындырып, башын сүзүү эч нерсе эмес”

Казакстандын Астана шаарында өткөн Күрөш боюнча Азия биринчилигинде 50, 55, 59, 68, 76 кг салмактагы балбан кыздардын беттештери өткөн.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык  Елена Шалыгина менен күрөшүп жатып, жаракат алгандыгына байланыштуу беттеш токтотулган. Анда Жуманазарова мурдунан жаракат алган.

Бул тууралуу анын каршылашы Елена Шалыгина мелдештен кийин маалымат берип жатып, «жеңиш үчүн атаандашынын мурдун сындырып, башын сүзүү эч нерсе эмес»,-деген оюн билдирди.