15 тонна декларацияланбаган дөңгөлөктөр аныкталды

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 15 тонна декларацияланбаган дөңгөлөктөрдү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик башчы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

«И.Т.» ЖЧК алуучусунун дарегине Кытайдан «Shackman» маркасындагы унаа менен спорттук топтор, пардалар, жасалма гүлдөр, тигүүчү машиналар үчүн тетиктер жана бөлүктөр келген.

Автоунааны бажылык кароодо 180 даана жалпы салмагы 15 тонна декларацияланбаган жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрү табылган.

Факт тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.