Марал Шаболотованын жаңы үйүн ким куруп жатат?Президенттин жообу

Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотовага үйдү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү куруп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине билдирген.

«Мен барып көрүп кеткенден кийин «Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула» деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү: «Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз»,- деп кайрылышкан экен. «Кудай жалгасын» дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп «Ас-Сафа» фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум»,-деп билдирген Жапаров.

1674279.27abc9f6e39c80815641fde0168244d0 1 Марал Шаболотованын жаңы үйүн ким куруп жатат?Президенттин жообу