УКМК: “Актилек-авто унаа” пункту аркылуу спирт ичимдиктерин ташып келүүгө бөгөт коюлду

Аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, “Актилек-авто унаа” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында спирт ичимдиктерин сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкердик кылган субъекттердин бири тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келингендиги аныкталды. Натыйжада “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

86a45390 76c9 43fb 9545 d2e8c377b93d УКМК: “Актилек-авто унаа” пункту аркылуу спирт ичимдиктерин ташып келүүгө бөгөт коюлду
bea08f8d a11b 485f 8e62 34d018e4b05d УКМК: “Актилек-авто унаа” пункту аркылуу спирт ичимдиктерин ташып келүүгө бөгөт коюлду
da9509c2 d2bb 4af8 8add 14287455714a УКМК: “Актилек-авто унаа” пункту аркылуу спирт ичимдиктерин ташып келүүгө бөгөт коюлду