Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков финалда

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 82 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Талантбеков 1/4 финалдан баштап, Индиядан келген спортчуну жеңип алды. Жарым финалда ал ирандык спортчуну жеңип, финалга чыкты.