
Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы бала 10 күндөн бери табылбай жатат.
ӨКМден билдиришкендей, 31-март күнү Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылды.
Издөө иштерине жергиликтүү тургундар дагы катышууда.
