Чүй облусунда 5-апрелде жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 баллга жеткен.
Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.