
Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Анталияда өткөн Гранд Слам турниринен кийин дзюдочулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады.
Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, 15-сапка жайгашты.
Ал эми Кубанычбек Айбек уулу менен Асад Масабиров мыкты 30 спортчунун катарына кирди.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу Тбилиси шаарында өткөн Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болгон.
