Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чон менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Чунг Вон Чон өз сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу 9-данды Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын билдирген.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.