ВИДЕО. “Дордой” конушунда топ балдар ата-баланы сабап кеткен

Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-мартта болжол менен саат 13:30да райондук милициянын нөмөт бөлүмүнө «Дордой» конушунда топ балдар эки адамды сабаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, ур-токмокко кабылгандар 48 жаштагы А.Н. жана анын 2006-жылы туулган Р.А. аттуу уулу экени аныкталган.

Учурда бул факты каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. Мушташка катышкандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен болгон окуяга юридикалык баа берилет.