Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов бири-бирин 42 жылдан кийин кечиришти

Кыргызстанга белгилүү хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов жарашты.
Алардын ортосундагы таарыныч дээрлик 42 жылга созулган.
Эки хирург 17-мартта эле жолугуп, элдешкен.
Элдешүү демилгесин Мамбет Мамакеев көтөргөн. Жолугушууда Мамакеев ооруканага Эрнст Акрамовдун ысымын береин убадалады.

Мамакеев Акрамовду көрүп, кезигип жатканына абдан кубанычта экенин айтып, коркунучтуу убакыт өтсө да эч качан унутпай жүргөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Акрамов анын эң биринчи окуучусу экенин жар салып, аны жакшы көрөрүн айтты.

Жолугушууга чакырган Мамакеев Акрамовго калпак кийгизип, чепкен жапты.