Бишкектин мурдагы вице-мэри мамлекетке 5,1 млн сомду толугу менен кайтарды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-мартта УКМКнын улук тергөөчүсү Сарпашевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып, анын негизинде сот Сарпашевди үй камагына чыгарган. Ал 9-апрелге чейин үй камагында болот.

Белгилүү болгондой, Сарпашев соттук-бухгалтердик экспертиза аныктаган 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Эскерте кетсек, 23-мартта УКМК «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалганын билдирген.