Бишкекте “Кайырчы” аттуу рейд өтөт

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында “Кайырчы” аттуу рейд өткөрөт.
Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алууга багытталат, акыркы учурларды жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда. “Рейддин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат”, – деп айтылат билдирүүдө. Жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жүргөндөр үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси менен 1000 (миң) сом көлөмүндө айып салынаарын эскертет.