Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Bulak.kg‘ге өздүк булактар билдирди.
Маалыматта бүгүн, 28-мартта тараптар жолугушуп, Жаныбек Абиров жабыркаган күзөтчүдөн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кечирим сураган.
“Жабырлануучу тарап дагы Орозо айында кечиримдүү болуу керектигин жана бири-бирин түшүнбөстүктүн айынан ушул окуя болуп кеткенин белгилешип, кечиришкенин айтышкан”, — деп билдирди өздүк булак.