Равшан Жээнбеков ЖК депутаттыгына ат салышат

Бишкек СИЗО-1 абагында камакта жаткан Равшан Жээнбеков Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышмакчы. Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасында маалымдалды.

Бул тууралуу ал соттук процесске алынып келгенде Биринчи май райондук сотунун залында айтты. Саясатчы өз сөзүндө: “Мен өткөндө Ленин районунан шайлоого баргам. Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр дагы түрмөдө отуруп шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Биз саясий күрөштү кайрадан улантышыбыз керек” – деп билдирди.