ВИДЕО: Кайгуул кызматы маңзат чегип алып, унаа башкарган айдоочуну кармады

 24-мартта кайгуул кызматкерлери маң кылуучу зат чегип алып, унаа айдаган жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болжол менен саат 10:30-11:00до болгон. Кайгуул кызматкерлери унаасын катуу айдаган Volkswagen Polo’нун айдоочусун көрүп, аны токтотууга аракет кылган. Бирок ал кайгуул кызматкерлеринин тосконуна баш ийбей, инспекторлордун бирин унаасынын капотуна 5 метрге сүйрөп кеткен. Акырында аны башка айдоочулар токтотуп, кайгуул кызматкерлери кармаган.

Анын унаасы айып аянтчасына токтотулуп, айдоочу наркологияда текшерүүдөн өткөрүлгөн. Андан кийин Октябрь райондук милициясына алып бара жаткан кезде, милицияга жеткирилерин билип калып, унаа жол чырагына токтогондо, андан түшүп кетип, качууга аракет кылган.

«Айдоочу ызы-чуу салып, Audi унаасынын артына секирген. Кызматкерлер колуна кишен салалы дегенде, кишен салдырбай каршылык көрсөткөн. Аягында кызматкерлер күч менен кишен салууга туура келген. Наркологиядагы текшерүү токсикоманиялык мастык деген жыйынтык чыгарган», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Учурда айдоочу Октябрь райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, күбөлөр окуянын видеосун социалдык тармактарга чыгарган.