Россияда эки кыргызстандык бычакталып, бири каза болду

Россияда Кыргызстандын эки жараны бычакталып, бири каза болду. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-мартта болжол менен таңкы саат 04:10до Россиянын ИИМнин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полициясына Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, 2005-жылы туулган А.К. уулу тез жардам келген кезде каза болгону аныкталган. Ал эми, экинчи жабырлануучу — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууда Кыргызстандын жана Россиянын ИИМ кызматкерлери биргелешип иш алып барып, шектүү катары 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргызстандын жарандарын кармашкан.

«Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

xmycollages 48 Россияда эки кыргызстандык бычакталып, бири каза болду