
Дыйкандар үчүн дизель майы 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, дыйкандарды колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясы аркылуу 3 млн литр дизель майы 65 сомдон сатылып жатат.
«Жакын арада кошумча дагы 3 млн литр дизель отуну берилет», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте дизель майы 72,9-74 сомдон сатылууда. Ал эми аймактарда баа андан кымбатыраак болот.