Боомдогу «Кербен» тамактануучу жайда чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 24-март саат 12:55те Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:10дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн.
