Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган алты кызматкери тууралуу комментарий берди.
Билдирүүдө Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы чогуу аныктаганы айтылган.
Иштин материалдары Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экени белгиленген.
Мекеме «коррупциялык схеманын аныкталышы – бажы кызматындагы коррупцияны жоюу жана өздүк курамды абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча жигердүү иштердин уланып жатканынан кабар берерин» маалымдаган.
УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштурганын маалымдаган. 16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин айткан.