
Апрель айында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигини кабарлады.
7-апрелден 9-апрелге чейин (жума, ишемби жана жекшемби) күндөрү эс алуу деп белгиленди.
Кошумчалай кетсек, 7-апрель — Апрель элдик революция күнү мамлекеттик расмий майрам катары бекитилген.