Садыр Жапаров көк бөрү оюнуна күбө болду

Бишкектин Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата республикалык көк бөрү улуттук оюну өтүүдө.

19-марттагы оюнга президент Садыр Жапаров дагы күбө болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйылкы Нооруз майрамына арналган көк бөрү оюнунун жалпы байгеси жети миллион сомдун тегерегин түзөт.

Эске салсак, учурда тайпалык оюндар болуп жатат. 21-мартта жарым финал жана финалдык оюндар аталган ипподромдо өтөт.