Жалал-Абадда гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаары жана Ош областы боюнча ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу каналдарын токтотуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө гашиш тараткан жарандарды аныкташкан.
“Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.С. баңги аткезчилеринин инсандары аныкталды. Ыкчам кызматкерлер 1 кг 435 грамм салмактагы «гашиш» (чарс) баңги каражатын сатууда шектүүлөрдү кармашкан.
Аталган факт, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Т.Ф. жана А.С. кармалгандар Жалал-Абад шаарынын ИИБнын УКЖга киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча БМЖККК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

YouTube video
WhatsApp Image 2023 03 16 at 12.38.57 Жалал-Абадда гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды
WhatsApp Image 2023 03 16 at 12.38.56 Жалал-Абадда гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды
WhatsApp Image 2023 03 16 at 12.38.57 1 Жалал-Абадда гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды