Гуля Алмамбетова билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, Гуля Алмамбетова министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
Гуля Алмамбетованын өмүр баяны:
Ал 1972-жылы 25-январда Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги орус филологиясы факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун маалымат, билим берүү жана маданият тармагындагы коомдук бирикмелерде иштөөдөн баштаган. Бир катар ЖМКларда эмгектенген. Кыргызстан студенттер союзунун маалымат кызматын жетектеген.
1999-2001 ― Кино үйүндө директордун орун басары, Кыргыз кинематографисттер союзунда продюсер;
2001-2005 ― Москванын Кино үйүндө КМШ кинематографисттер союзунун КМШ кинофоруму боюнча менеджер (Россия);
2013-2015 — «Нарисан ДИГ» ЖЧКсынын директору;
2014 ― «Аялдар саясатта» маалыматтык саясат концепциясынын автору, Кыргызстанда адам укуктары боюнча альтернативалуу маалыматты иштеп чыгууда эксперт катары эмгектенген;
2015 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси;
2015-2017 ― Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;
2017 ― Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын коомдук кеңешчиси;
2018-2020 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси.
Орус философиясы коомунун жана Америка философиясы коомунун мүчөсү, «25-кадр» журналынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Кендо жана иайдо федерациясынын мүчөсү.
Гуля Алмамбетова былтыр Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.