Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча атайын комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамына тогуз депутат кирди.
— “Ыйман Нуру” фракциясынан Замирбек Мамасадыков,
— «Бүтүн Кыргызстан» — Айгүл Айдарова,
— «Ишеним» — Бахридин Шабазов,
— «Ата-Журт Кыргызстан» — Медер Саккараев,
— “Мекенчил” депутаттык тобу – Жусупбек Коргонбай уулу,
— «Альянс» — Фархад Алимжанов,
— «Ынтымак» — Мурадил Сыдыков,
— «Элдик» депутаттык тобу — Бактыбек Чойбеков,
— Дастан Бекешев.
Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени кабарланган. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.
Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.
Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.
14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сурады.