Жаныбек Абиров: “Жоопкерчиликти сездим”

Бүгүн, 5-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу, кесиптештерине ыраазычылык ирээтинде кайрылуу жасады.

Анда ал жаңылып калганын баса белгилеп, болуп өткөн чырдуу окуядан кийин, Жогорку Кеңешти да ыңгайсыз абалга койгонуна кейиди.

«Бүгүнкү кайрылуум, депутаттык мандатымды тапшыруу боюнча болот. Сиздер менен 1 жылдан ашык убакыт чогуу иштештик. Мыйзам долбоорлорун сунуштадык. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт демекчи. Ар бир адам жаңылат экен. Алардын катарында мен да адаштым. Мен окуяны талдап, жоопкерчиликти сездим»,- деди ал.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген.

Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти.

WhatsApp Image 2023 04 05 at 09.58.36 Жаныбек Абиров: "Жоопкерчиликти сездим"
https://t.me/newsbulak/792