Депутат: Абиров тарабынан сабалган адам тосмо арыз жазды

Жаныбек Абиров сабаган жаран, тосмо арызын жазып, кечирди. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

“Парламенттик комиссия бул ишти карайт. Абиров менен мурда да кесиптешим болчу. Учурда жабырлануучу Абиров менен жарашыптыр”, – деди ал.

Анын айтымында эки тарап бири-бирин кечиришкенинен кийин окуяны кайратан козутуунун кажети жок. Мындай жагдайга ар бир жаран кабылып калышы ыктымал.