Токмокто 13 жаштагы кызды зордуктаган жаран соттоло элек

2017-жылдан бери Токмокто 13 жаштагы кыз бойго жеткен кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Соттук териштирүүлөр төрт жылдан бери уланууда. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго, ошондой эле Башкы прокурорго, Жогорку Соттун төрагасына, Акыйкатчыга кыздын укугун калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү боюнча ачык кайрылуу жолдоду.

Турдубекованын айтымында, 2019-жылы жабырлануучунун апасы кызынын боюнда бар экенин билген. Ал кызды УЗИге алып барып, дарыгерлер кош бойлуулуктун беш ай экенин аныктап, милицияга кабарлашкан.

“2019-жылдын июнь айында жаш кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун үй-бүлөсүнүн кошунасы зордуктап жүргөнү аныкталды. Кармалган учурдан тартып ал адам өз күнөөсүн толугу менен четке какты. Анткени ал тукумсуз”, – деди укук коргоочу.

“Тергөө бүттү. Кылмыш иши зордуктоо фактысынын тогуз эпизоду боюнча сотко өттү. Соттук териштирүүдө жабырлануучу кыз төрөдү. Айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартып, кайрадан тукумсуздугун жарыялады.

Балдардын укугун коргоочулар лигасынын юристи тарабынан жабырлануучу кыз зордуктаган адамга карата тукумсуздуктун башталышын аныктоо жана ага себепкер болуу үчүн комплекстүү жана комиссиялык экспертиза дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылган. Сот жабырлануучунун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырды. Эксперттик комиссия зордукчуга “тукумсуздук” деген диагнозду жокко чыгарды: ал уруктанууга жана жыныстык катнашка барууга жөндөмдүү”, – деп айтылат кайрылууда.

Өз кезегинде айыпталуучунун жактоочусу ДНК экспертизасын тапшыруу үчүн Москвадагы “Инвитро” ЖЧКсына арыз менен кайрылган. ДНК анализин өткөрүүгө кеткен чыгымды айыпталуучунун жакындары төлөп беришкен. Жабырлануучу кыз менен бала өз ыктыяры менен ДНК анализин лабораториянын Бишкектеги филиалына тапшырышкан. ДНКнын жыйынтыгы чыкты.

“Изилдөөлөр болжолдонгон ата менен баланын ортосундагы биологиялык мамилени көрсөттү: баланын биологиялык атасы айыпталуучу болуп чыкты, жыйынтыгы боюнча ата болуу ыктымалдыгы 99,9999% түзөт”, – деп белгиленет.

“Жабыркаган кыз жактоочу менен соттолуучунун бейбаштыгына чыдай албай, өз жанын кыюуга аракет кылган”, – деп бөлүштү Назгүл Турдубекова.

Соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын маалыматы боюнча, жабырлануучу травмадан кийинки стресс абалына кабылган жана анын соттук отурумга катышууга болбойт деген тыянак чыккан.

“Ага карабастан кыз соттун өтүнүчү менен келип, биринчи инстанцияда эки жолу, апелляциялык инстанцияда бир жолу (соттун, прокурордун жана соттолуучунун жактоочусунун талабы боюнча) көрсөтмө берген”, – деп айтылат кайрылууда.