
Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу спорт биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кезексиз конгрессте президенттик кызматка Касымалиев жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн.
КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынды.
Ал эми аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.
Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.





