Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жана “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси, учурда камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал жолдошунун “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич! Менин жашоом сиздин колуңузда!

Мен Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева бүгүн, 13-марттан баштап күйөөм үй камагына чыгарылбаганы үчүн расмий түрдө ачкачылык жарыялайм!

Ага өзүн коргоого мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Анын толук дарыланышына мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Ага балдары менен болууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Бул өлкө үчүн уят! Табышкан экен кылмышкерди! Менин жашоом жана келечегим сиздин колуңузда! Кумтөрдү кайтарып берем деп сизге сөз берген! Ал аны аткарды! Аллах баарын көрүп турат!!! Ал таза!!! Сиз да ага сөз бергенсиз! Эмне жөнүндө айтып жатканымды билесиз! Мен дагы эле сизди боорукер жана берешен деп ойлойм. Мен аны сезем.

Эгер мага сүйүктүү күйөөмсүз түбөлүктүү жашоону сунуш кылышса, анда мен аны менен бир көз ирмем өткөрүүнү тандамакмын!!!”, – деп жазган Бөлтүрүктүн жубайы.