Милиция Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда катталган жол кырсыгы боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-мартта Ала-Букада 16:30 чамасында болгон. Анда 50 жаштагы тургун 3 жашар баласын колуна кармап турган. Ар кандай жаракат алган жарандар Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Аларга тез арада жардам көрсөтүлгөн.
«Тико» унаасынын айдоочусу 1939-жылы туулган жергиликтүү тургун экени аныкталган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.
![Screenshot 20230312 185540 Chrome "3 жашар баласы колунда болчу": Ала-Букадагы катталган жол кырсыгы боюнча иликтөө башталды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/Screenshot_20230312-185540_Chrome.jpg)