Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн эки млрд АКШ долларына жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жана жалпысынан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

«Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз», — деп жыйынтыктады Абдулла Арипов.