Бишкектеги 5-мартка караган түнү топ балдар ортосундагы мушташты милиция иликтеп жатат, – видео

Бишкектин Токтогул менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5-мартка караган түнү топ балдар ортосунда мушташ болду.

 Биринчи май райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга 5-мартка караган түнү болжол менен саат 01:10до Токтогул менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине дароо ыкчам-тергөө тобу чыгып, алар барганда окуя жеринде эч ким болгон эмес.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Учурда мушташка катышкандарды издеп-табуу иштери жүрүүдө.