Валентина Шевченко чемпиондук курунан ажырады

Бүгүн, 5-мартта Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) UFC 285 мелдешинин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого каршы чемпиондук курун коргогон беттеш өттү.

Тилекке каршы, Валентина Шевченко чемпиондук курун коргой албай калды. Беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашы аны муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.