Эки айда 35,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү топтолду

2023-жылдын январь-февраль айында 35 млрд 951,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, белгиленген план 455,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми, 2022-жылдын январь-февраль айына салыштырмалуу акча 3,2 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган акчанын 26 млрд 526,6 млн сому салык жана төлөмдөр, 9 млрд 425,3 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.