“Аялым унаа айдай албайт”: Жубайын ур-тепкиге алган окуянын экинчи видеосу тарады

Буга чейин Бишкекте аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылып, бирок күйөөсү Хонда Фиттин үстүнө жармашып алганы кабарланган. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан. 

Видеодон көрүнгөндөй, аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок, ал ордунан туруп, аялынын артынан чуркоого тоскоол болгон эмес. Окуяга күбө болгондордун кийлигишүүсүнө чейин ал аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берип, факты катоого алынганын билдирди. Учурда видеодогу жарандар изделип жатат.