
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова Башкы прокуратурада сурак берди. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине өз булактары билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Иманкулова Башкы прокуратурага 27-февралда суракка чакырылган. Буга чейин прокуратура кызматкерлери Улуттук китепкананын ишмердүүлүгүн текшерген.
Иманкулова китепкана жетекчиси кызматына 2021-жылы май айында дайындалган.