
Быйыл Бишкекте 60 чакырымга чейин жөө адамдар жүрүүчү жол салынат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, былтыр борбор калаада 15 чакырым тротуар салынган. Быйыл аны 3-4 эсеге көбөйтүү пландалууда.
«Быйыл биз жолдорго эмес, тротуараларга өтө көп көңүл бурабыз деп жатабыз. Тротуарлардын абалы начар. Былтыр 15 чакырым жасалган. Биз былтыр тротуарлар көп жасалды деп айта албайбыз», — деди ал.
Аны менен бирге ал, мындан ары тротуарлар брусчаткадан эмес асфальттан салынарын билдирди.