Бишкекте коомдук унаадагы жол кире көтөрүлбөйт

Бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада коомдук унаалардагы жол кире акысы көтөрүлөбү деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, мындан мурда автобус жана троллейбустагы жол кирени накталай эмес төлөгөндөр үчүн 11 сом боюнча калтыруу, ал эми накталай төлөгөндөр үчүн 15 сом кылуу сунушталган. Бирок коомчулук социалдык тармакта башка тарифтер да көтөрүлүп жатканын айтып, нааразычылыгын билдиргендиктен, азырынча аталган маселе чакыртып алынган.

«Азыр тариф маселесин чакыртып, токтоттук. Себеби эл да нааразычылыгын билдирди. Ошон үчүн биз баскыч-баскыч менен көтөрөлү деп жатабыз. Азыр тариф маселеси көтөрүлгөн жок», — деди ал.