Мамыткановдун ордуна Алишеров ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болду

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

ЕЭКтин жаңы министринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматында чоң тажрыйбасы бар экени белгиленген.

2022-жылдан бери Эльдар Алишеров президенттик аппараттын Евразия экономикалык биримдиги менен иштөө бөлүмүнүн башчысы. Ага чейин ал экономика министринин орун басары болгон.

Ал бул кызматта “Чоң Казат” партиясынын лидери жана экс-вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун ордуна келди.