“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мекеменин билдирүүсүндө, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, Манас районунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталганы айтылат.
Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган”
, – деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2023 02 28 at 13.30.39 1 “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды
WhatsApp Image 2023 02 28 at 13.30.40 “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды