Коргоо министринин орун басары: Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок деп кепилдик бере алам

Бул туралуу бүгүн, 28-февралда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Жыйында депутат Руслан Жакышов Алмазбек Карасартовго: «кыргыз армиясында «дедовщина» жоктугуна кепилдик бере аласызбы?» деген суроо узаткан.

«Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартип бузуулар болуп жатат. Бул боюнча Коргоо министрлигинде тарбия башкармалыгынын башчысы чоң жумуштарды жүргүзүүдө. Аскердик тартип бузууларды жоюуга чоң иш-аракеттерди жасап жатабыз» – деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда аскерге чакырылган жоокерлер арасында каза болгон учурлар болуп, коомчулукта ал жагдайлар аскердеги «дедовщина» менен байланыштырылып келет. Бирок Коргоо министрлиги (жана жоокерлер аскердык кызматын өтөгөн башка түзүмдөр) «дедовщина» жок экендигин жана жоокердин өлүмү кокустан (кырсыктан) болгондугун же өз жанын кыйган деп түшүндүрүп келишет.

Былтыр январь айында Баткенде ИИМдин Ички аскерлеринин жоокери каза болгон. Анда 18 жаштагы жигитти чогуу кызмат өтөгөн жоокер кокустуктан атып алганы кабарланган.

29-июлда №27 абакта кызмат өтөгөн 18 жаштагы жоокер көз жумган. Анда жоокер өзүн-өзү атып алганы айтылган. 17-августта ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө, 18-августта Аскердик институтта, 9-ноябрда Чек ара кызматынын жоокери каза болгон.

Ошондой эле, быйыл 21-февраль күнү Баткен чек ара отрядынын жоокери куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болгону кабарланган.