Сүлүктүдө уурулук фактысынын бети ачылып, уурдалган телефон ээсине кайтарылды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Сүлүктү ШИИБдин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери шаар аймагындагы мурда болгон кылмыштардын бетин ачуу, мындан сырткары кылмыштуулукту алдын алуу максатында эки күндүк “Уурулук” рейдин өткөрүшкөн.

“Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы тургундар менен кылмыштуулукту болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан дүкөндөрдө уурулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында 21 дүкөндүн ээсине видеобайкоо жана эшик терезелерине темир тосмо коюу жагы эскертилди. Ошондой эле мурда катталган бир уурулук фактысынын бети ачылып, уурдалган телефон өз ээсине кайтарылды“, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы күндө керектүү материалдар тергөө кызматына чогултуп берилип, тергөө иштери уланууда.

WhatsApp Image 2023 02 24 at 08.45.03 1 Сүлүктүдө уурулук фактысынын бети ачылып, уурдалган телефон ээсине кайтарылды