Ibrahim Moustafa мелдеши: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күч сынайт

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта болгариялык Юлиана Яневага каршы, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделт менен кармашат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.